Размер
«Өлкөдө музыканттарды тарбиялоочу үч окуу жайдын бири – биздин окуу жай»
Play

«Өлкөдө музыканттарды тарбиялоочу үч окуу жайдын бири – биздин окуу жай»

-Кыргызстанда негизинен Бишкек шаарында Күрөңкеев атындагы, Ош шаарында Ниязаалы атындагы, бирөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан үч эле орто музыкалык окуу жайы бар. Булар орто профессионал музыканттарды тарбиялоочу окуу жайлар. Ошолордун бири биздин Ниязаалы атындагы окуу жай. Биздин музыкалык окуу жайыбыз 1963-жылы түзүлгөн. 2013-жылы Ош шаарында чоң масштабдагы 50 жылдык мааракебизди белгиледик. Былтыр Кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн 50 жылдыгын өткөрдүк. Ал эми окуу жайда «фортепиано», «кылдуу аспаптар», «орус эл аспаптары», «кыргыз эл аспаптары», «үйлөнмө аспаптары», «вокал», «хор», «дирижерлор» жана теориялык билим берүүчү 10 бөлүм бар.

«Айрым музыкалык аспаптар жетишпейт»

-Иш менен катар албетте, кемчиликтер да болот. Биздин бөлүмдөрдө айрым музыкалык аспаптар жетишпейт. Бирок, өзүбүз аракет кылып сатып алып жүрөбүз. 2014-жылы мен жетекчиликке келгенден кийинки алган аспаптар тууралуу айтып берейин. Негзинен окуу жай дайыма музыкалык аспаптарды сатып алып турат. Биз 2 саксофон сатып алдык, ар биринин баасы 30 миң сомдун тегерегинде турат. Ал эми аккордеон 120 миң сомду чапчыйт. Атайын Орусиядан буюртма менен деп колдонулганы болсо да алдырабыз. Анткени жаңылары өтө кымбат турат, табуу да кыйыныраак. Ал эми фортепиано, рояль сыяктуу аспаптар Кыргызстанда жок. Аны атайын Германиядан алдыруу керек. Учурда Ош шаары боюнча эң жакшы рояль биздин концерттик залыбызда турат. Аны сурагандарга да бербейбиз. Ордунан жылдырбайбыз. Анткени музыкалык аспап бузулуп калса, тетиктерин табуу абдан кыйын.

«Сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдөн кур эмеспиз»

Биздин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүз: Керим Турапов, Дилшат Кангелдиева, Роза Шакирова, Гүлнара Калдарова, Чырмаш Төрөбеков, Замира Мавлянованы айтат элем. Мындан сырткары, дүйнөлүк деңгээлге жеткен опера ырчысы Жамиля Раимбекова деген бар. Алишер Тоотаев сыяктуу белгилүү ырчылар дал ушул биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү.

Билим министрлиги биздин окуу жайга мөөнөтсүз деген лицензия берген. Мындай лицензия бардык эле окуу жайларга бериле бербейт. Биз мурдалары ар 5 жыл сайын лицензиябызды жанылап тураар элек, эми мөөнөтсүз иштейбиз. Ал эми окуу жайда 208 студентибиз бар, жылына 75 студент кабыл алабыз.

«Имаратыбыз жараксыз абалда»

-Биздин имаратка кагаз бетиндеги маалыматтарга караганда 77 жыл болгон. Ал эми чындыгында кылым карыткан имарат. Өткөн жылы жамгырда суу кирип кетип, ӨКМ келип имаратты жараксыз деп чыгарып берди. Анан биздин өкүлчүлүктөн ал кезде Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн облустагы өкүлү эле. Өз көзү менен көрүп, бул имаратты сноско уруксат чыгаруу керек экен деп кеткен. Эми жаңы имарат курулушу керек, биз бүт керектүү тараптарга кайрылганбыз, каржы маселеси тууралуу эми жооп күтүүдөбүз. Жатаканабыз ремонтко даярдалууда.

Чайковский атындагы балдардын искусство мектебинин директору Мукарам Мадаминова:

«Таланты жок бала болбойт, жаман мугалим болот»

-Чайковский атындагы искусство мектебинде учурда 210 бала окуйт. Биздин балдар негизинен музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүшөт. Мындан сырткары, театралдык классыбыз бар. Бул бөлүмдө келечектин актерлору окушат. Ошондой эле эстрадалык, аниматордук же болбосо куурчак студиябыз бар. Мугалимдер жана балдар үчүн чоң куурчак кийимдери сатылып алынган. Жакында балдар бакчаларына барып спектакль коебуз деп жатабыз. 2016-жыл «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялангандыктан жергиликтүү бийликке кат жаздык, алар уруксат берсе мектептерди, бала бакчаларды кыдырып, куурчак театры спектакль коелу деп турабыз. Биздин мектепте балдар 225 сомдон 400 сомго чейин акы төлөп окушат. Мектебибизде бекер окуган балдар да абдан көп. Алар балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары акысыз билим алышат. Өткөн жылдын декабрь айында республикалык конкурска «Камер» триосу барып келди. 39 ансамблдин ичинен 3-орунду алып келдик.

Эгерде биз башталгыч класска ала турган болсок 7 жаштан ала беребиз. Негизи биринчи класска 10 жаштан кабыл алабыз. Бизде билим алып жаткан балдар фортопиано жана скрипкада 7 жыл, калган аспаптарда 5 жылдан окушат. Анан окууну бүткөндөн кийин күбөлүк беребиз. Ошол күбөлүк аркылуу музыкалык окуу жайларга кире алышат.

Мен директор катары дайыма айтам, таланты жок, жаман бала болбойт. Жаман мугалим болот. Кайсы баланы болсо да укпаган, эс-тутуму начар баланы мугалим уктуруп, эске тутуусун калыпка сала алат. Эгерде мугалим жакшы тарбиялай албаса, укмуш таланттуу баланын да таланты өчөт. Эч качан талантка ишенип чоң музыкант, чоң ишкер боло албайсың. Бир гана мээнет, анан аракет менен ийгиликке жетсе болот.

«Баланы ата-эне мугалим менен биргеликте тарбияласа жакшы жыйынтык болот»

-Негизи бардык нерсе ата-энелерден көз каранды. Баланы тарбиялоо оңой нерсе эмес. Ошондуктан бир тараптан мугалим, бир тараптан ата-энеси түрткү болуп, жардам бериши керек. Ошондо баланы жолго салса болот. Эгерде ата-эне жардам бербесе таланттуу бала да жок болуп кетиши мүмкүн. Бирок бизде бир кызыктуу нерсе дайым болуп турат, кичине кезиңде музыканы таштап койгон балдар, кыздар студент болгондо, аттиң кылып азыр «мени окутуңуз» деп келишет.

Белгилүү аранжировкачы Эмир Кенжегулов менин окуучум. «Көчмөндөр оюнунда» ачылуу аземинин музыкасын жазып, кийин премьер-министрдин колунан грамота алды. Ошол бала мага байланышып, бул грамота меники эмес, сиз мени адам кылдыныз, бул ийгилик сиздики деп ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле биздин мектепти белгилүү эстрада ырчылары Сайкал Садыбакасова, Замир Мырза бүткөн.

№1 Саид Бекмуратов атындагы балдардын музыкалык

мектебинин директору Инабат Эшпаева:

«Биздин мектепте ар бир балага мугалим жекече сабак өтөт»

-Биздин мектеп балдардын музыкалык мектеби. Биз бир гана музыканы үйрөтөбүз. Классика, фольклор, дегеле ошол музыканын кандай түрлөрү болсо ошолордун баарына багыт беребиз. Бул мектеп 1956-жылы, Ош шаарында такыр музыкалык окуу жай жок кезде ачылган. Мектепте ал учурда мугалимдер, жетекчилер жок болгонуна байланыштуу көбүнчө мугалимдер өлкөнүн түндүгүнөн, Орусиядан келип окутушкан. Кийинчерээк биздин Ош педагогикалык институтунун искусство факультети ачылып, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, 1963-жылы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жай ачылып, андагы бүтүрүүчүлөр биздин мектепке ишке кабыл ала башташкан. Ошондон кийин окутуучулар өзүбүздө көбүрөөк пайда болуп, иштеп калышкан.

Учурда 331 бала билим алып келет. Биздеги билим берүүнүн өзгөчөлүгү - жекече билим берүү болуп саналат. Ар бир балага жекече 45 мүнөттөн мугалим сабак берет. Ар бир мугалимге күнүнө 9 бала берилген. Эртеден кечке ошолордун ар бирине 45 мүнөттөн үйрөтүп отурат. Мындан сырткары группалык окутууларыбыз бар. Бала бир гана музыкалык аспапта ойноо эмес, музыка кайдан келип чыкканын да билиши керек.

«Концерттик зал куруп алсак деп жүрөбүз»

-Көйгөйлөрүбүз бар, көйгөйү жок иш болбойт. Бизде эң чон маселе концерттик залыбыз жок. Бул тууралуу депутаттар деле, мэрия деле билет. Концерттик зал кура турган орун бар. Канча жылдан бери маселе коюп келе жатам, долбоор деле жаздым. Бирок көпчүлүк музыкалык мектепти негизги мектеп деп эсептешпейт экен. Ошондуктан эч грант ута алган жокмун. Жакшы программа даярдап алып, концерт койгонго жайыбыз жок. Отуз адам батчу зал бар, ал жерге эптеп концерт беребиз. Каалаган залыбызга кое албайбыз, анткени бизге фортепиано керек. Ал да жеңил буюм эмес. Ошентсе да жылда отчеттук концерт беребиз. Анткени ата-энелер балдарынын бир жылдык билимин көргүсү келет.

Гапар Айтиев атындагы балдардын көркөм-сүрөт мектебинин директору Дильбар Кадермятова:

«Бир сүрөттү тартуу үчүн 4-5 саат талап кылынат»

-Биздин мектеп 1980-жылы түптөлгөн. Биздин биринчи директорубуз Рабидинов Таалайбек агай болгон. Ошол киши ушул мектепти түзүп, педагогикалык курамды топтоп, мектеп кылып түптөп, 21 жыл иштеп кеткен. Мектебибизде 201 бала окуйт. Сабактар кыргыз жана орус тилдеринде өтүлөт. Бизде кыргыз тилиндеги китептер аз болгондуктан, орусча жаздырып, кыргызча түшүндүрүп беребиз. Биз графика, живопись, композиция, лепка, апликация, скульпура сыяктуу искусствонун түрлөрүн үйрөтөбүз. Ал эми балдарды болсо алты, жети жашынан баштап кабыл ала беребиз. Эки жыл даярдоо бөлүмүндө окушат. Анткени, сүрөт тартуу бул көп убакытты алуучу процесс. Ошон үчүн алгач балдарды кабыл алганда эки жыл аларды «отурууга» үйрөтөбүз. Жаратылышка алып чыгып ойнотуп, кайра сүрөт тарттырып. Айтор, бала тажап кетпеши үчүн ар түрдүү ыкмалар менен көндүрөбүз. Анан акырындык менен чоң класстарга барганда бир сүрөттү тартуу үчүн 4-5 саат отуруп калышат. Балдар мектептеги сабактарынан сырткары окушат. Эки нөөмөт менен иштейбиз.

«Тубаса таланттуулар аз келет»

-Негизи балдардын ичинен тубаса таланттуулар деле бар. Аларга бир аз багыт берсең, өзү түшүнүп алып кете берет. Бирок андай таланттуулар бизге аз келет. Ошондуктан биз келген балдарды кайтарбайбыз. Бардык балдарга сүрөт тартканды үйрөтсө болот. Биз аларды кызыгуусуна жараша бөлүп алып, өз өзүнчө үйрөтөбүз. Кээ бирлери шыктуу болушат, баарын бирдей үйрөнүшкөндөр да бар. Кээ бирлери бир тармак боюнча кетишет. Даярдоо бөлүмүн бүткөн соң негизги окууну 5 жыл окушат. Башка бөлүмдөргө караганда скульптура көп жабдууларды талап кылат. Алгач чопону алып келип, аны элеш керек, жасаш керек, анан иштетүүгө даяр болот. Азыр болсо дүкөндөрдө скульптуралык пластилин пайда болуп калды. Биз азыр ошолор менен иштеп үйрөтүп атабыз. Мурдалары шаардын четинен, Араван району тараптан бизге керектүү топуракты ташып келип иштетчүбүз.

Учурда музей ачуу үчүн аракет кылып атам. Азырынча галереябыз бар. Ал жакта бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иштери жыл сайын коюлуп турат.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎